Бишкектеги № 6 автобустук каттам «Тунгуч» кичи районуна чейин узартылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, мындан ары № 6 автобус «Көк-Жар» жаңы конушунан Достоевский көчөсү боюнча Анкарага, андан ары «Тунгуч» кичи районуна чейин жүрөт.

Эскерте кетсек, автобуст буга чейин «Ак-Ордодон» «Көк-Жарга» чейин каттап турчу.