7-8 августтагы окуя боюнча күбө катарында Азимбек Бекназаров Ички иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 20-август күнү Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына чакыртылган.

Ал күбө катарында суракка чакырылып, тергөө сырын ачыкка чыгарбоо тууралуу документке кол койду.

"Учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КРнын мыйзамына ылайык, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.