Жээнбеков: Кыргыз комузу - рух табериги катары сакталып келди

 Жээнбеков: Кыргыз комузу - рух табериги катары сакталып келди
10-Сен. 2019, Шейшемби, 10:08

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоосун кечээ, 9-сентябрда президент аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Таңшы комуз» аттуу гала-концертте окуду.

"Элибизди өлкөбүздө биринчи жолу расмий белгиленип жаткан Комуз күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Көөнөргүс мурастары жана бай тарыхы бар нарктуу кыргыз элинин баа жеткис көркөм дөөлөтү, элибиздин кан-жанынан бүткөн, үч кыл комуз улутубуздун көөнө музыкалык аспабы. „Манас“ эпосу баш болгон дастандарыбыз менен бирге комуз күүлөрү элибиздин көкүрөк рухун байытып, аруулап, аң-сезимин жылоолоп, улуттук ар-намысыбызды ойготуп келет. Кайгы-кубанычыбызды, баскан баяндуу жолубузду күүгө салып, кылым сапарын карытып, кыргыз комузу муундан-муунга өтүп, рух табериги катары сакталып келди. Алмустактан ата-бабаларыбыз өрүктөн комуз чаптырып, карагай капкак тактырып, ичегиден кыл жасап, үч кылга жан салып келген комузубузду бекеринен „жыгачтан эмес жүрөктөн бүткөн комузум“ деп аздектебесе керек",- деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Ошондой эле мамлекет башчысы мындан ары Комуз күнү жыл сайын салттуу өткөрүлүп, жакшы жөрөлгөгө айланып, республикабыздын көркөм-маданий тармагында мындан ары да өзүнүн татыктуу ордун табат деп ишенерин белгилеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!