Парламент мамлекеттик тилди колдонууда башка бийлик бутактарына үлгүбү?

 Парламент мамлекеттик тилди колдонууда башка бийлик бутактарына үлгүбү?
10-Сен. 2019, Шейшемби, 11:31

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, тиешелүү Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле тармактык адистердин катышусунуда парламентте 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” аталышындагы илимий-тажрыйбалык конференция өтүүдө.

Конференциянын жүрүшүндө төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин атынан илимий конференциянын катышуучуларын, конокторду «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдык маарекеси менен куттуктап, «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын тарыхын жана азыркы учурда мамлекеттик тилде сүйлөө, жазуу, колдонуу абалы алар күткөндөй деңгээлде болбой жатканын да айтып өттү.

"Кыргызстанда жашаган бардык этностордун өз эне тили менен элдик маданиятын өнүктүрүүгө эч тоскоолдук жок. Ошол эле учурда, алардын өкүлдөрүн тилдик жана маданий жактан өз ара жакындаштыруу боюнча да ырааттуу саясат жүргүзүү зарыл. Маселенин бул жаатына келгенде, азыноолак аракеттер бар, бирок арымдуу жылыштар болбой жатканын да белгилей кетишибиз керек.

Ошого карабастан, Жогорку Кеӊеш “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандан бери мамлекеттик тилдин колдонуу алкагын кеңейтүү, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө жаатында иштиктүү чараларды көрүп келет. Айрыкча, азыркы замандын талабын эске алуу менен мыйзамга бир топ олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, парламенттин бардык иш-чаралары жалаӊ кыргыз тилинде өткөрүлөт. Иш кагаздарын жүгүртүү амалдары толугу менен мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Биринчилерден болуп Аппаратта Лингвистикалык экспертиза бөлүмү ачылган. Бул жагынан алганда, парламент башка бийлик бутактарына үлгү десек да болот",- деди Жумабеков.

Белгилей кетсек, «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамга арналган илимий-тажрыйбалык иш-чаранын Жогорку Кеӊеште өтүп жатканынын символикалуу жагы бар. Анткени, ал чыныгы демократиялык түзүлүштүн, жаӊы кубулуштун, ачык-айкындуулуктун желаргысы жүрө баштаган өткөөл кезеӊде, кыргыз парламенти тарабынан кабыл алынган эӊ алгачкы тарыхый документтердин бири болуп саналат.

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын долбоору 1989-жылы XII чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттар тобунун демилгеси менен иштелип чыгып, жалпы элдик катуу талкуудан кийин, жогору жактан түшкөн айрым бир саясий-идеологиялык кысымдарга карабастан, бир добуштан кабыл алынган эле. Ал тарыхый күн – 23-сентябрь, ошондон бери Мамлекеттик тил күнү катары такай белгиленип келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!