Кытайда "Ай майрамы" белгилене тургандыгына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Кытай тараптын демилгеси менен 13-сентябрдан 15-сентябрга чейин "Торугарт унаа жолу", жана "Иркештам унаа жолу" бекеттери жабылат.
Транспорт жана жүк ташуучу унаалар 16-сентябрдан тарта өткөрүлө баштайт.