Бакиров мал жандыктарын камсыздандыруу демилгесин көтөрдү

Бакиров мал жандыктарын камсыздандыруу демилгесин көтөрдү
12-Сен. 2019, Бейшемби, 15:29

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында катаал аба ырайынын кесепеттерин жоюу жолдорун ортого салышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, депутат Мирлан Бакиров ар жылы болбосо дагы мезгил-мезгили менен катаал аба ырайынын шарттарына байланыштуу мал жандыктары чыгымга учурап жаткандыгын айтты. Мындай жагдайда эл өкүлү мал жандыктарын камсыздандыруу маселесин карап көрүү зарылдыгына токтолду.

"Жергиликтүү бюджетке каражат түшө тургандай кылып, ал каражаттын кайсы бир бөлүгүн ушундай кырдаалдарда пайдалангандай кылып механизмдерин иштеп чыгуу зарыл",- дейт ал.

Депутат Кожобек Рыспаев Суусамыр өрөөнүндө дыйкандардын кар астында калган эгин көйгөйүн айтып, чыгымды компенсациялоо боюнча маселени өкмөттүн астына койду.

Белгилей кетсек, 9-сентябрда калың жааган кардан улам Жайыл райоунунун Суусамыр айылынын Сандык жайлоосунда койчулар мал-жандыктары менен калып калышкан. Чабандарды көчүрүп келүү максатында ӨКМнин куткаруучу тобу жана Суусамыр айыл аймагынан бир трактор тартылып, ошол эле күнү болжол менен саат 20:00 чамасында малчыларды Суусамыр айылына мал жандыктары менен аман-эсен түшүрүшкөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты