Калың кардан улам Жалал-Абадда сегиз жылкы өлдү

Калың кардан улам Жалал-Абадда сегиз жылкы өлдү
14-Сен. 2019, Ишемби, 13:00

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тарабынан Жалал-Абад облусу облусу боюнча 18 чабанды 16 616 кой-эчкиси, 500 бодо малы жана 55 жылкысы менен аман-эсен коопсуз жайга түшүрүлгөн. Анын ичинен жалпы 65 кой жана 8 жылкы өлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 9-сентябрда кар калың жааганына байланыштуу аталган облустун Токтогул районундагы Кемпир-Өлдү жайлоосунда 2 чабан мал жандыктары менен калып калышкан жана 13-сентябрда туугандары жардам сурап кайрылышкан.Ушул эле күнү куткаруучулар 2 чабанды 1000 койлору менен аман-эсен коопсуз жайга түшүрүшкөн. Кичи-Суусамыр жайлоосунда 7 чабан мал-жандыктары менен калып калышкан. 12-сентябрда чабандарды көчүрүп келүү максатында атайын ӨКМнын 4 куткаруучусу, ИИМнен 1 кызматкери жана тез жардам кызматынан 1 кызматкеринен турган ыкчам топ түзүлүп, 7 чабанды 460 бодо мал, 10000 кой жана 40 жылкылары менен аман-эсен коопсуз жайга түшүрүшкөн. Анын ичинен 50 кой өлгөн.

Андан сырткары 10-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуда кар калың жааганына байланыштуу бул өрөөндөгү Кум-Бел менен Миң-Бугу жайлоолорунда малчылар мал-жандыктары менен калып калышкан. Чабандарды көчүрүп келүү максатында атайын түзүлгөн ыкчам топ Кызыл-Көл айылына жеткенде эки топко бөлүнүп Кум-Бел жана Миң-Бугу жайлоолору көздөй чыгып кетишкен. Биринчи топ Кум-Бел жайлоосундагы чабандарды мал-жандыктары менен күрткүдөн өткөрүшүп туруктуу жайгашкан ордуларына жиберген. Натыйжада болжол менен 3 чабандын 8 жылкысы жана 13 баш койу өлгөн. Миң-Бугу жайлоосуна чыгып кеткен экинчи топ 3 чабанды болжолу менен 2016 кой-эчкилери жана 10 бодо малдары менен түшүрүшкөн. Мындан сырткары 3 чабан 15 жылкысы, 30 бодо малдары жана 1900 кой-эчкилери менен түшүрүлгөн.

Ошондой эле Сузак районунда 9-сентябрда калың жааган кардан улам Сары-Кыр тилкесинде 1 чабан мал-жандыктары менен калып калган.Аны куткаруу келүү үчүн тартылган күчтөрдүн жардамында ал чабан болжолу менен 700 койу менен кошо аман эсен түшүрүлгөн. Анын ичинен 15 кой өлгөн.

Ал эми Тогуз-Торо районунда 9-сентябрда калың жааган кардан улам бул өрөөндөгү Саймалуу-Таш тилкесинде 2 чабан мал-жандыктары менен калып калышкан. 10-сентябрь күнү тартылган күчтөрдүн жардамында 2 чабан болжолу менен 1000 койу менен түшүрүлгөн.

Айта кетсек, 10-сентябрда жааган калың кардан улам Чүй облусунун Сандык жайлоосунда калып калган 5 чабан 3500 баш кой менен ӨКМ тарабынан Суусамыр айылына көчүрүлүп келинген. Ошол эле күнү 500 баш кой жана 4 жылкыны түшүргөн учурда 200 баш кой жана 4 жылкы Сокулук ашуусунда өлгөн, калган 300 баш кой Сокулук районунун Төш-Булак айылына жеткирилген

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот