Дарыянын жээктеринде кооптуу абал жаралды

Дарыянын жээктеринде кооптуу абал жаралды
19-Май 2017, Жума

Базар-Коргон районунда Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли которулуп жээктерди алып кетүү коркунучу жаралган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган райондун Сейдикум айыл аймагында 15-май күнү саат 16:00 чамасында Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында Кара-Үңкүр-Сай дарыясындагы суу, жээктин 100 метр аралыгын жеп суу каптап кетүү коркунучу пайда болду.

Анын кесепетинен Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасындагы 100гө чукул турак-жайды, 2016-жылы курулган суу тосмону, “Алтын-Була” пахта тазалоочу заводун, 10 Га айыл-чарба жерин жана Сейдикум айылын электр энергиясы менен камсыз кылган жогорку чыңалуудагы электр мамысын суу каптап кетүү коркунучу жаралган.

“Жээктерди бекмедөөгө Сейдикум айыл аймагынан 1 самосвал, жергиликтүү тургундардан 26 адам, ӨКМнин 23 куткаруучу, Кеңеш айыл аймагынан 1 жүктөгүч, Базар-Коргон айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылды. 18-май күнү кошумча ӨКМнен бөлүнгөн 1100 капка кум, таштар толтурулуп, дарыянын жээгине орнотулган 6 каттам темир-бетон сыныктары төгүлгөн.

Алдын алуу иштери үчүн ӨКМнен 1350 литр дизелдик күйүүчү май жана 2350 даана кап бөлүнгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!