Жээнбеков Путиндин чакыруусу менен Россиянын Оренбург шаарына учуп кетти

Жээнбеков Путиндин чакыруусу менен Россиянын Оренбург шаарына учуп кетти
20-Сен. 2019, Жума, 10:34

Бүгүн, 20-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен бир күндүк жумушчу сапары менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Кургак жер аскерлер топторунун катышуусунда биргелешкен практикалык иш-аракеттер өтө турган Оренбург шаарына барат.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, өткөрүлүп жаткан машыгуулардын негизги максаты — азыркы мезгилдин шарттарында аскердик аракеттерди жүргүзүүгө үйрөтүү, союздаш мамлекеттердин аскердик башкаруу органдарынын ыкчам шайкештигин жогорулатуу.

Ошондой эле Кыргызстандын жана Россиянын башчылары жолугушуу өткөрүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде аймактагы коопсуздукту камсыздоо маселелерин дагы талкуулашат.

Кыргызстандын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!