Кыргызстандын эл аралык соода жүргүзүүгө кошкон салымы жогору бааланды

Кыргызстандын эл аралык соода жүргүзүүгө кошкон салымы жогору бааланды
10-Окт. 2019, Бейшемби, 10:04

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (БДСУ) башкы директору Роберто Азеведо менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БДСУнун ортосундагы өз ара кызматташуунун учурдагы абалы жана аны андан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү келечеги тууралуу талкуулашты.

Министр Кыргызстан БДСУга 1998-жылы советтик өлкөлөрдүн ичинен эң биринчи болуп кошулуп, бул Уюмда мүчөлүктүн артыкчылыктарын сезип жаткандыгын билдирди жана деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, өнүгүп келе жаткан мамлекет катары бул фактка өзгөчө маани берээрин баса белгиледи. Кыргызстандын БДСУга мүчөлүгүнүн 21 жыл ичинде өлкөнүн соода жүгүртүүсү - 1,404 млрд. доллардан 6,672 млрд. долларга чейин 4,5 эсеге көбөйгөн. Кыргызстан БДСУнун 130дан ашуун мүчө-мамлекеттери менен соода-экономикалык байланыштарды жүргүзөт. Тышкы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмүндө БДСУга мүчө-өлкөлөр 93,6% ээлейт, анын ичинде, экспортто - 89,1, импортто - 95,2%.

Тараптар Кыргызстандын БДСУнун алкагындагы бир катар негиз болуучу эл аралык документтерге кошулуу келечегин, ошондой эле өлкөгө карата күчүнө кирген БДСУнун конвенцияларын жана макулдашууларын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашгты.

Өз кезегинде, БДСУнун башкы директору Азеведо Кыргызстандын эл аралык соода жүргүзүүгө кошкон салымын жогору баалап, аны чыңдоо үчүн өлкөнүн жасап жаткан аракеттерине ыраазычылык билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Анжелика  Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Анжелика Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
  Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Депутат:
Депутат: "Мен кудаймын" деп кыйкыргандарга кандай чара көрүлөт?