Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова үй камагына алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова үй камагына алынды
10-Окт. 2019, Бейшемби, 11:00

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП партиясынын төрайымынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова 9-декабрга чейин үй камагына алынды. Мындай чечимди кечээ, 9-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган.

Белгилей кетсек, Асел Кодуранова массалык башаламандыкты уюштурууга шектелүүдө. Ал азыр камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштарынын бири.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн операция учурунда «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековго ок тийип, ал алган жаракатынан улам каза болгон. Ошондой эле жүзгө жакын адам ар кандай жаракаттарды алышкан. 8-август күнү Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң мурунку президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн колго түшүп берген. Ага бир нече оор беренелер менен айып тагылып жатат.

Бирок ал өзүнө тагылган айыптарга макул эместигин билдирип, тергөөчүнүн суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып келет.

Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүү жөнүндө тиешелүү чечимге 29-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул мамкоссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Ал эми ушул эле окуяны Кой-Таш айылынын тургундардын кайрылуулары боюнча Акыйкатчынын карамагында комиссия иликтейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
УКМК:Елисеевдин активдери аныкталып, мамлекеттин кирешесине кайтарылды
УКМК:Елисеевдин активдери аныкталып, мамлекеттин кирешесине кайтарылды
Изилдөө: Ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда асылууга кабылат
Изилдөө: Ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда асылууга кабылат
27-ноябрга чейин кандай аба-ырайы күтүлөт?
27-ноябрга чейин кандай аба-ырайы күтүлөт?
Жеңиш Разаков “Азия news” гезитин 1 млн сом доого жыкты
Жеңиш Разаков “Азия news” гезитин 1 млн сом доого жыкты
Бактылуу жашоонун формуласы
Бактылуу жашоонун формуласы
Мыйзамсыз бөйрөк алмаштырууга айыпталган дарыгер эки айга камалды
Мыйзамсыз бөйрөк алмаштырууга айыпталган дарыгер эки айга камалды
Ууру жүргөн жерин аныктаган Гуглды айыптоодо
Ууру жүргөн жерин аныктаган Гуглды айыптоодо
Чачтын түшүүсүн токтоткон маска
Чачтын түшүүсүн токтоткон маска
Чуулгандуу иликтөө боюнча президенттик аппарат билдирүү таратты
Чуулгандуу иликтөө боюнча президенттик аппарат билдирүү таратты
Интернет аркылуу баңгизат сатып алгысы келген Бекешев кантип алданды? (видео)
Интернет аркылуу баңгизат сатып алгысы келген Бекешев кантип алданды? (видео)
​Евро-2020: Санкт-Петербургда миңдеген балдар бекер футбол көрүшөт
​Евро-2020: Санкт-Петербургда миңдеген балдар бекер футбол көрүшөт
Өкүлдөр палатасында импичмент иши боюнча коомдук угуулар аяктады
Өкүлдөр палатасында импичмент иши боюнча коомдук угуулар аяктады
 Жээнбеков: Прокуратуранын иши жакшырмайынча, сот өндүрүшү да оӊолбойт
Жээнбеков: Прокуратуранын иши жакшырмайынча, сот өндүрүшү да оӊолбойт
Эшектер эмнеге азайып жатат?
Эшектер эмнеге азайып жатат?
Ден соолукка зыяндуу даамдар
Ден соолукка зыяндуу даамдар
Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат
Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат