ИИМ: Кызматкерлер массалык түрдө жумуштан кеткен жок

ИИМ: Кызматкерлер массалык түрдө жумуштан кеткен жок
15-Окт. 2019, Шейшемби, 13:17

Жаңы кабыл алынган “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамга ылайык укук коргоо органдарынан бошотулган учурда бир жолку бериле турган жөлөк пулу жана кызмат өтөгөн жылдары үчүн пенсия алуу укугу сакталып калат, ошондой эле кызматкерлердин массалык түрдө жумуштан кеткендиги тууралуу маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, айтылган мыйзамдын негизинде 2020-жылдан баштап баардык укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызматтык оклады 40 пайызга чейин көтөрүлөт, анын ичинде укук коргоо органдарынын ардагерлерине дагы каралган.

Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык окладына 30% кошумча көтөрүлүүсү каралган. Мындан тышкары, социалдык кепилдиктин ичинде кызматкерлерге медициналык жардам көрсөтүү, курорттук санаториялык камсыз кылуу, турак-жай ижарага акчалай акы төлөө, жана тоолуу жерлерде жаратылыш-климаттык шарттары каралган.

Ошондой эле, укук коргоо органдарынан пенсияга кетип жаткан учурда бир жолку бериле турган “жөлөк пулу” алынып салынган деген маалымат чындыкка туура келбейт, жаңы мыйзамга ылайык бардык кызматкерлер пенсияга чыккан учурда “жөлөк пулду” алышат.

"Ички иштер органдарынан айына элүү кызматкер бошоп кетип жатат деген маалымат негизинен жогорулатылып айтылган, бирок, ушундай тенденция жүргүзүлгөн анализдин негизинде көп жылдардан бери сакталып келе жаткандыгын белгилейбиз",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым интернет сайттар өздүк булактарына таянып, ички иштер органдарынан айына 50 кызматкер ишин таштап кетип жатканын жазып чыгышкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!