Жээнбеков: “ИИМдеги кадрлардын сапатын жакшыртууну талап кылам"

Жээнбеков: “ИИМдеги кадрлардын сапатын жакшыртууну талап кылам
1-Ноя. 2019, Жума, 11:32

Бүгүн, 1-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков: "Менин милициям мени коргойт" деген ишенимди ар бир жарандын көкүрөгүнө орнотуу - эң башкы милдет",-деп баса белгиледи.

Мамлекет башчы кыргыз милициясынын 95 жылдык юбилейи менен куттуктап жатып, жарандардын мамлекетке, бийликке болгон ишеними катардагы милиционерден башталарын белгиледи.

"Бүгүн Кыргыз милициясынын өзөгүн, ички иштер кызматкерлеринин басымдуу көпчүлүгүн ак ниет, намыстуу, мекенге берилген инсандар түзөт. Ошондой адамдар бүгүн ушул залда олтурат деп билебиз. Тилекке каршы, ички иштер кызматкерлеринин арасында «бир карын майды бир кумалак чиретет» дегендер да бар. Мындай кызматкерлер жүрүп жаткан соттук-укуктук реформаларга бөгөт жаратып, коомдун келечегине коркунуч жаратууда. Милициянын катарында жогорку кесиптик жана моралдык сапаттарга ээ болгон гана адамдар кызмат кылуусу керек",- деди Жээнбеков.

"Реформанын ийгилигин, милициянын ишин эң объективдүү баалаган фактор — бул элдин ишеними. "Менин милициям мени коргойт" деген ишенимди ар бир жарандын көкүрөгүнө орнотуу — эң башкы милдет. Жүрүп жаткан реформалар милиция кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнө, билим деңгээлине, дене тарбиялык даярдыгына, моралдык деңгээлине жаңы талаптарды коет. Элдин үмүтүн акташ үчүн кесипкөйлүктү жогорулатуу менен катар, өз катарыңардагы коррупцияны да жоюшуңар зарыл. Ошону менен бирге, Ички иштер министрлигинен кадрлардын сапатын кескин жакшыртуу ишин талап кылам",- деп кошумчалады президент.

Белгилей кетсек, кыргыз жергесинде биринчи жолу, 1924-жылдын 1-ноябрында облустук милициянын башкармалыгы түзүлгөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады