Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган иш-чара өттү
1-Ноя. 2019, Жума, 15:11

Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков белгилүү мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмер, өз заманынын өрнөктүү өкүлү улуу тарыхый инсан Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык маарекесине арналып, Жогорку Кеңеште өткөрүлүп жаткан илимий-тажрыйбалык конференцияга катышты.

Анда Орозбековдун мамлекет үчүн жасап кеткен иштери, жараткан ийгиликтери элибиздин эсинен кетпей, урпактары үчүн азыркыга чейин үлгү болуп кала берерин белгилеген Жумабеков: "Ал Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна жигердүү аралашып, жаӊы доорго кадам шилтеген жаш өлкөнүн өнүгүшүнө зарыл болгон өрнөктүү жумуштарды жасаган. 1920-жылдары айылында, районунда революциячыл комитеттерди башкарып, кийинчерээк Ош округдук эмгекчилер кеңешинин жер бөлүмүн жетектеген. Жер реформасы деп тарыхка кирген мына ушул оор, опурталдуу жумуштун аркасында Абдыкадыр Орозбеков олуттуу иштерди аткарган. Иш билги, дилгирлигинин арты менен 1925-жылдын 31-мартында Кара кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин алгачкы төрагасы болуп шайланып, азыркы көз караштан алганда биринчи мамлекет башчысы катары өз кызматына киришкен. Ошондон тарта 1937-жылдын октябрь айыны чейин мамлекеттик жетекчилик кызматтарды аркалап, өзүнүн ар тараптуу акылман, көрөгөч көсөм инсан экендигин көрсөтө алган", - деди.

Ошондой эле Жумабеков: "Орозбековду азыркы эгемен мамлекетибиздин пайдубалын түптөп, кышын кынаган ишмер катары тааныганыбыз оӊ", - деп кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады