ИИМ: Саймаити кыргызстандыктын паспортун колдонуп жүргөн

ИИМ: Саймаити кыргызстандыктын паспортун колдонуп жүргөн
14-Ноя. 2019, Бейшемби, 10:52

Кытай жараны Айеркен Саймаити колдонуп жүргөн жасалма паспорт Сузак районунда берилген. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 23-майында 1988-жылы туулган Кытайдын жараны өзүнүн мекендеши Айеркен Саимаитиге карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрү жөнүндө арыз менен милицияга кайрылган. Ал арызында 2016-жылдын 14-августунан 2017-жылдын 28-февралына чейинки убакытта Саймаити Кара-Суу районундагы базардан алдоо жолу менен акча каражаттарын жана 3 млн 28 миң 168 долларлык элдик пайдалануудагы товарларды ээлеп алгандыгын көрсөткөн. Андан соң, А.А. аттуу жаранга өзгөчө ири өлчөмдө материалдык чыгым келтирип, изин жашырып кеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

2017-жылдын майында Тергөө бөлүмү тарабынан Саимаитини айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарылып, камакка алуу үчүн ага издөө жарыяланып, андан соң эл аралык издөөгө алынган.
Жүргүзүлгөн иш-чараларда, издөөдө жүргөн Саимаити кыргыз жараны 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимовичтин атына мыйзамсыз берилген (ID-карт, чет элдик паспорт) паспортторду колдонуп жүргөндүгү такталган. Самятов Э.С. атына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча 2019-жылдын июлунда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш башталган.

"Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн А.А. аттуу жетектөөчү адисине карата Жазык кодексинин "Паспортту мыйзамсыз берүү, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу,документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде айып тагылган. Кылмыш иши Жалал-Абад облусунун сот органдарына кароого жөнөтүлгөн. Андан тышкары,Саимаитиге карата тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кытай жараны Айеркен Саймаитини 10-ноябрда кечке жуук Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин жанындагы кафеде чай ичип отурган жеринен белгисиз кишилер атып кетишкен. Ишкердик менен алектенген Саймаитини өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Путиндин
Путиндин "өзөктүк" сумкасын ачык көрсөтүштү
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
"Селсаяк" рейдинин негизинде 17 жаран текшерилди
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты
Хива шаары Түрк дүйнөсүнүн борбору болду
Хива шаары Түрк дүйнөсүнүн борбору болду
Ат-Башыда индустриалдык-соода-логистикалык борбору курулат
Ат-Башыда индустриалдык-соода-логистикалык борбору курулат
Кайсы уюлдук телефондордо “WhatsApp” функциясы иштебейт?
Кайсы уюлдук телефондордо “WhatsApp” функциясы иштебейт?
Унаасына жасалма номер тагып айдагандарга айып пулду көбөйтүү сунушталды
Унаасына жасалма номер тагып айдагандарга айып пулду көбөйтүү сунушталды
Кыргызстандын муфтийи Берлинде өткөн Эл аралык форумга катышууда
Кыргызстандын муфтийи Берлинде өткөн Эл аралык форумга катышууда
Трампка импичмент жарыялоо беренеси эки айыптоодон турат
Трампка импичмент жарыялоо беренеси эки айыптоодон турат
​Гүлжигит Алыкулов “Кайраттын” сунушунан баш тартты(видео)
​Гүлжигит Алыкулов “Кайраттын” сунушунан баш тартты(видео)