Жогорку Кеңеш жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы Куанбек Киргизбаевди кызмат ордунан бошотууга макулдугун берди. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.
Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, судьялардын жаш курагынын чеги - 70 жаш.