Таиров: 80 тонна өрдөк эти өрттөлүп жок кылынган

Таиров: 80 тонна өрдөк эти өрттөлүп жок кылынган
15-Ноя. 2019, Жума, 17:32

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) тарабынан кармалган 80 тонна өрдөктүн эти өрттөлүп жок кылынган. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Бакир Таиров депутат Нурбек Тотоновдун суроосуна жооп берип жатып айтты:

“Былтыр Тажикстандан келген өрдөк эти боюнча “аткезчилик” беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттун жыйынтыгы чыккан. 80 тонна өрдөктүн эти жок Финансы полициясы тарабынан кармалган. Соттун чечими менен өрттөлүп жок кылынган”, – деди Таиров.

Депутат интернет айдыңында 2-3 тонна гана өрттөлүп, калганы кандайдыр бир жол менен жок болуп кеткени тууралуу маалыматтар тарап жатканын айтты. Бирок Таиров депутатка “андай болгон эмес” деп жооп берди.

Буга чейин Kaktus.media басылмасы 80 тонна өрдөк этине аткаминерлердин катышы тууралуу материал чыгарган. Анда өрдөк этин ташыган ишкер Эмир Эмилкановго “аткезчилик” боюнча козголгон ишти жабуу үчүн өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратов менен Финансы полициясынын жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиев 50 миң доллар пара алганы айтылат. Бул окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бакыт Калмуратовду кызматынан бошоткон. Эмил Жамгырчиев болсо пара алуу боюнча айыптоолорду толугу менен четке каккан.

Прокуратуранын өкүлү бул ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергеп жатканын айтып, азыркы күндө иш соттук кароого жөнөтүлбөгөндүктөн айрым адамдардын ысымын атоодон карманды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ассоль Молдокматова онкологиялык оорусунан айыкты
Ассоль Молдокматова онкологиялык оорусунан айыкты
Баңгизатты мыйзамсыз сатып жүргөн жаран колго түштү
Баңгизатты мыйзамсыз сатып жүргөн жаран колго түштү
Актан Рыскелдиев: Тарыхыбыздын башталганына 11 жыл болду
Актан Рыскелдиев: Тарыхыбыздын башталганына 11 жыл болду
Жол кырсыгынан 3 адам катуу жаракат алды
Жол кырсыгынан 3 адам катуу жаракат алды
Оштун чыгармачыл жаштары Жаңы жылга өзгөчө белек камдашууда
Оштун чыгармачыл жаштары Жаңы жылга өзгөчө белек камдашууда
Минюра Рахимжанова: Бийик деңгээлдеги музыкада өзүмдү сынап жатам
Минюра Рахимжанова: Бийик деңгээлдеги музыкада өзүмдү сынап жатам
Абылгазиев: Билим берүүнү экономика менен байланыштырып кароо керек
Абылгазиев: Билим берүүнү экономика менен байланыштырып кароо керек
Айсулуу Молдалиева: Бактылуу болгула, үйлөнгүлө
Айсулуу Молдалиева: Бактылуу болгула, үйлөнгүлө
​Эң көп ызы-чуу жараткан спортчулар аталды
​Эң көп ызы-чуу жараткан спортчулар аталды
Калориялуу тамактарды сиңирүү үчүн кандай көнүгүү жасаш керек?
Калориялуу тамактарды сиңирүү үчүн кандай көнүгүү жасаш керек?
Ошто вакансиялар жарманкеси болот
Ошто вакансиялар жарманкеси болот
Чойбеков:
Чойбеков: "Кумтөрдө" жоголгондорду издөөгө кошумча күчтөрдү тартуу зарыл
Майрамга карата кабаттуу үйлөрдөгү кондиционерлер алынууда
Майрамга карата кабаттуу үйлөрдөгү кондиционерлер алынууда
​Дүйнө Кубогу: мушкер Азат Үсөналиев чейрек финалга чыкты
​Дүйнө Кубогу: мушкер Азат Үсөналиев чейрек финалга чыкты
Момбеков: Карышкырдан коркпогон кыргыздар үч буттуу камерадан коркуп калышты
Момбеков: Карышкырдан коркпогон кыргыздар үч буттуу камерадан коркуп калышты
Үйүңүздө сөзсүз болушу керек болгон беш даам
Үйүңүздө сөзсүз болушу керек болгон беш даам