Парижде парламенттик кызматташуунун келечеги талкууланды

Парижде парламенттик кызматташуунун келечеги талкууланды
19-Ноя. 2019, Шейшемби, 16:20

Кечээ, 18-ноябрда Парижде Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Франциянын Сенатынын «Франция-Кыргызстан» достук Тобунун төрайымы Натали Гуле менен жолугушуусу болуп өттү.

Аталган ведомствонун басма сөз кызматынан маалымдашкандай, тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнүн позитивдүү мүнөзүн белгиледи жана эки тараптуу парламенттер аралык кызматташуунун келечектерин талкуулады.

Гуле Кыргызстанда жүрүп жаткан өнүгүү процесстерин бөлүп көрсөтүү менен бирге кызматташууну бекемдөөгө Франциянын санаалаштыгы бардыгына ишендирди жана Кыргызстандын Франциядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы достук байланыштарды мындан ары бекемдөөгө түрткү берет деп белгиледи.

Парламенттер аралык кызматташууну бекемдөө максатында 2020-жылы достук Тобунун мүчөлөрүнүн Кыргызстанга сапары пландалып жатканын Франциянын Сенатынын мүчөсү маалымдады.

Тараптар ошондой эле региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы бизнес контакттарды бекемдөө маселелерин талкуулады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Путиндин
Путиндин "өзөктүк" сумкасын ачык көрсөтүштү
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
"Селсаяк" рейдинин негизинде 17 жаран текшерилди
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты
Хива шаары Түрк дүйнөсүнүн борбору болду
Хива шаары Түрк дүйнөсүнүн борбору болду
Ат-Башыда индустриалдык-соода-логистикалык борбору курулат
Ат-Башыда индустриалдык-соода-логистикалык борбору курулат
Кайсы уюлдук телефондордо “WhatsApp” функциясы иштебейт?
Кайсы уюлдук телефондордо “WhatsApp” функциясы иштебейт?
Унаасына жасалма номер тагып айдагандарга айып пулду көбөйтүү сунушталды
Унаасына жасалма номер тагып айдагандарга айып пулду көбөйтүү сунушталды
Кыргызстандын муфтийи Берлинде өткөн Эл аралык форумга катышууда
Кыргызстандын муфтийи Берлинде өткөн Эл аралык форумга катышууда
Трампка импичмент жарыялоо беренеси эки айыптоодон турат
Трампка импичмент жарыялоо беренеси эки айыптоодон турат
​Гүлжигит Алыкулов “Кайраттын” сунушунан баш тартты(видео)
​Гүлжигит Алыкулов “Кайраттын” сунушунан баш тартты(видео)