Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Бишкектеги студенттик жатаканалардын абалы менен таанышып, студенттердин жашоо шарттары, окуулары боюнча баарлашты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Министр алгач Кыргыз улуттук агрардык университетинин №3 жатаканасында болуп, андагы түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Бөлмөлөрдүн абалы, тамак жасоочу, санитардык жана жуунучу жайларынын шарттары жакшы экенин көрүп, үлгү катары башка окуу жайларга жайылтуу керектигине токтолду. Мындагы жатакананын айланасын кечиндеси жарыктандыруу, коопсуздукка көңүл буруу жана жатаканада жашаган ар бир студент боюнча маалымат базасын түзүү керектигин айтты.

Андан кийин ушул эле окуу жайдын №1 жатаканасында болуп, жалпы шартын көрүп, жакшыртуу керектигин белгиледи. Жатаканада жакынкы аралыкта ремонт иштери жүргүзүлөрү пландалган.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) №4 жатаканасы менен таанышууда, секциялардын, бөлмөлөрдүн абалын көрүп, жатакананы жакшыртуу зарыл экенине токтолду.

Жыйынтыгында өлкө боюнча ар бир окуу жайдын жетекчилигине студенттик жатаканаларын инфраструктурасын жакшыртуу керектигин белгиледи.

Ошондой эле студенттер үйүнөн түшкөн каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча тапшырмалар берилерин жана студенттик кеңештердин ишин активдештирүү, жатаканада маданий, спорттук иш-чаралар өткөрүлүүсү керектигин айтты.