Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти менен жолугушту

Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти менен жолугушту
30-Ноя. 2019, Ишемби, 13:33

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда «Centerra Gold Inc.» компаниясынын, анын ичинде Стратегиялык келишимдин күчүнө киргенин эске алганда, Кумтөр ишканасынын ишине байланыштуу маселе, ошондой эле кендеги өндүрүштүк көрсөткүчтүн көбөйүшү талкууланды. Эгерде 2018-жылдын 9 айында ишканада 9,5 тонна алтын өндүрүлсө, быйыл ушул убакыттын аралыгында 14,04 тоннаны түздү. Жылдын аягына чейин алтынды өндүрүүнү 18,2 тоннага чейин жеткирүү болжолдонууда.

Өз кезегинде Абылгазиев Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кыргызалтын» ААКга дивиденддерди милдеттүү түрдө төлөө маселесин дагы бир ирет көтөрдү.

Мындан тышкары премьер-министр Рекультивациялоо боюнча трасттык фондду Кыргызстанга көчүрүү маселесин кароо зарылдыгын баса белгиледи. Өкмөт зарыл делген кепилдиктерди берүүгө жана Фонддун каражаттарын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча бардык шарттарды ыкчам тартипте макулдашууга даяр. Абылгазиевдин ою боюнча, кен жабылганга чейин бул каражаттарды Кыргызстанга жайгаштыруу жана ата мекендик чакан, орто бизнести колдоо үчүн натыйжалуу колдонуу максатка ылайык. Ал Өкмөт Кыргызстандын кен тармагында иштеп жаткан бардык компанияларга мындай ырааттуу мамилени жасоо ниети бар экенин баса белгиледи.

Скотт Перри «Centerra Gold Inc.» компаниясынын түзүмүндөгү Кумтөр кенинин маанилүүлүгүн белгилеп, Абылгазиев көтөргөн маселелер жакынкы арада «Centerra Gold Inc.» компаниясынын Директорлор кеңешинин кароосуна киргизилерин кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!
Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!"
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
​Лионель Месси АКШга кетеби?
​Лионель Месси АКШга кетеби?
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)