Айдарбеков Братиславада ЕККУ ТИМКнын жыйынында сөз сүйлөдү

Айдарбеков Братиславада ЕККУ ТИМКнын жыйынында сөз сүйлөдү
6-Дек. 2019, Жума, 12:53

Бүгүн, 6-декабрда Словакиянын Братислава шаарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ЕККУга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин (ЕККУ ТИМК) 26-жыйынына катышууда.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-декабрда жогоруда аталган жыйында сөз сүйлөп жатып Кыргызстандын Тышкы саясий мекемесинин башчысы ЕККУнун принциптери менен милдеттенмелерин өлкө жактай тургандыгын тастыктады, ошондой эле Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына жана өнүгүү приоритеттерине ылайык ЕККУ менен долбоордук-программалык кызматташууну күчтөндүрүүгө даярдыгын билдирди.

Ошондой эле Айдарбеков ЕККУга мүчө 57 өлкөнүн делегацияларын 2020-жылы Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоолор өтөөрү тууралуу маалымдады жана ушуга байланыштуу өлкө жетекчилигинин ЕККУ байкоочуларын тартуу менен демократиялуу, адилеттүү жана ачык шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылуу чечкиндүүлүгүнө ишендирди.

Өлкө алдында турган биринчи кезектеги милдеттерге ылайык Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгынын приоритеттүү багыттарын белгиледи. Атап айтканда, коррупцияга каршы күрөшүү, санариптик трансформациялоо, курчап турган чөйрө көйгөйлөрүн жана климаттын өзгөрүүсүнүн терс натыйжаларын чечүү, жашыл экономиканы илгерилетүү жана жалпысынан, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү. Эл аралык коопсуздук маселелерин козгоду жана ЕККУга мүчө өлкөлөрдү терроризм, диний экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз соодасы, курал-жарак, миграция чөйрөсүндө трансулуттук кылмыштар менен биргеликте күрөшүүгө чакырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү