Болот Темировго кол салуу фактысы боюнча төрт шектүү кармалды (сүрөт)

14-Янв. 2020, Шейшемби, 06:36

“Factcheck.kg” интернет сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салган төрт жаран шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Криминалдык милиция кызматы 14-январда кылмышка шектүү катары төрт жаранды кармаган. Шектүүлөрдүн бардыгы Жалал-Абад облусунун тургундары болгон.

Кармалгандарга Жазык кодексинин “Адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо” беренеси менен айып тагылып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Азыркы учурда кылмыштын баардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө амалдары уланып жатат. Тергөө амалдарын жүрүшүндө бардык жагдайлардын аныкталышы менен шектүүлөрдүн кыймыл-аракетине кошумча юридикалык баа берилет”, – деди ИИМ.

Болот Темиров “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, ал ар кандай коркутууларга карабай, аткаминердердин коррупциялык иштерин ачыкка чыгыра берерин билдирген болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды

19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот

Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат

​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”

 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды

Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт

Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү

​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?

Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды

Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат

Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды

Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады

ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн

Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү