Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды

 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
18-Янв. 2020, Ишемби, 06:38

Эл төлөнгөн коммуналдык кызматтын акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алууга шектелген Кадамжай районунун тургуну Москва шаарында кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү январь айынын ортосунда Москвада жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмыш иш-аракеттери үчүн Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдары тарабынан издөөдө жүргөн 40 жаштагы Г.А. аттуу Кадамжайдын туругуну кармалган. Ал бир нече жылдар бою жасалма документ аркылуу элдерден коммуналдык кызматка төлөнгөн акча каражаттарын өзүнө ыйгарып турган.

"Кылмышкер коммуналдык тейлөө кызматында 2011-жылдан 2015-жылга чейин оператор-компьютерщик болуп иштеп жүрүп, кызматкерлеринин ишенимине кирип, көзөмөлдөөчүлөрдөн коммуналдык кызматка акча чогултуп турган. Бирок материалдык пайда көрүү максатын көздөп ал бир нече убакыт ичинде мыйзамсыз акча каражаттарын өзүнө которгон. Түшкөн акчанын жартысын тиешелүү жерге жөнөткөн болсо, жартысын өзүнө калтырып квитанцияга башка сумманы жазып кетирип жүргөн. Иштеп жаткан убактысында ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирген",- деп айтылат маалыматта.

Россиядагы ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү билдиргендей Кадамжай районунун тургуну бир нече жылдан бери Россия аймагында жашырынып жүргөн. Учурда кылмышкерди жоопко тартуу үчүн Кыргызстанга алып келүү маселеси каралууда.

Белгилей кетсек, жогорудагы кылмышка шектүү жаран КРнын Жазык кодексинин "адамдардын тобу тарабынан жана алдын ала бүтүм боюнча алдамчылык" жана "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу" беренелеринин негизинде Баткен облусунун УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан изделип жаткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
 Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Психология чын эле пайдалуубу?
Психология чын эле пайдалуубу?
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
 Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
 Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды