Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт

Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
25-Янв. 2020, Ишемби, 06:12

Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коёт. Бул тууралуу вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Ат-Башы районунан жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Аскаровдун айтымында, Ат-Башы районунда курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу боюнча долбоорлордун жалпы сметалык наркы 289 млн долларды түзөт. Бул каражат эч кандай насыяга, карызга алынган жок, инвестордун накталай акчасы. Акча каражатынын бардыгы инфраструктуралык курулуштарга жумшалат.

«Соода-логистикалык борбордо бажы, логистикалык зоналары, соода жүгүртүүчү аймак жана өзүнүн борборлоштурулган жылытуу, жарык берүү системасы болот. Мындан тышкары шаарчада эмгектенгендер жана жергиликтүү эл үчүн спорт комплекстери, мектептер, медициналык корпустар курулат», - деди Аскаров.

Муну менен катар вице-премьер-министр өкмөт долбоорлорду жүзөгө ашырууда экология маселесин катуу көзөмөлгө аларын белгиледи.

«Өкмөт жылытуу жана жарык берүү системасына жашыл технология - күндүн энергиясын пайдалануу, канализация системасында калдыктарды чыгарбай турган технологияны колдонуу талабын коюуда. Ошондой эле бул логистикалык борбордо электромобилдер чыгарылат жана башка өндүрүш ишканалары ачылат», - деп белгиледи Аскаров.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
 Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Психология чын эле пайдалуубу?
Психология чын эле пайдалуубу?
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
 Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
 Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды