Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок

Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
25-Янв. 2020, Ишемби, 06:47

Ат-Башы районунда курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борборунда 15 миң жумушчу оруну түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ат-Башы районунан жергиликтүү эл менен жолугушуп, райондо курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу боюнча жергиликтүү элдин суроолоруна жооп беришти.

«Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги бажы бекети бир метр ары да, бери да жылбайт. Ал эми индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук жана карапайым калк үчүн жашыруун эч нерсе жок. Борбордо 15 миң жумушчу оруну түзүлөт. Алардын 90% пайызы кыргыз жарандары болот. Калган 10% жумушчуларды окута турган адистер. Алар Кытайдан гана эмес, Европадан келе турган адистер болот», - деп кошумчалады вице-премьер-министр.

Жолугушуунун соңунда Аскаров тармактык органдарга индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу боюнча «Нарын» эркин экономикалык аймагы жана «Ат-Башы» Кыргыз - Кытай эркин соода аймагы» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишим менен жергиликтүү элди тааныштыруу үчүн облустук, райондук администрацияларда шарт түзүүнү камсыздоо тапшырмасын берди.

Айта кетсек, Ат-Башы районунда курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу боюнча долбоорлордун жалпы сметалык наркы 289 млн долларды түзөт. Курулушу аяктагандан кийин анын жалпы аянты 400 гектарды түзөт. Биринчи баскычта 1000 киши жумуш менен камсыз болот, кийинки этаптарда бул сандар кыйла жогорулайт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
 Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Психология чын эле пайдалуубу?
Психология чын эле пайдалуубу?
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
 Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
 Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды