Абылгазиев: Бизнес менен бийликтин ортосундагы ачык сүйлөшүү – ийгиликтин кепилдиги

Абылгазиев: Бизнес менен бийликтин ортосундагы ачык сүйлөшүү – ийгиликтин кепилдиги
14-Фев. 2020, Жума, 06:47

Бизнес менен бийликтин ортосундагы ачык жана ак ниеттүүлүк менен сүйлөшүү – экономикалык жетишкендиктин кепилдиги. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазие Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдыды.

Өкмөт башчы бизнес тарабынан көтөрүлгөн бир катар маанилүү демилгелердин жүзөгө ашырылышы боюнча айтып, айрым сандарга дагы токтолду.

«Былтыр өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүү темпинин болжолдуу көрсөткүчү 0,5%га көбүрөөк аткарылды. ИДПнын көлөмү 590 млрд. сомго жетти. 6,5 миң жумуш оруну түзүлдү. Импортту алмаштыруу, инвестиция тартуу боюнча жылыштар бар, аймактардагы бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 2,0 млрд. сом бөлүндү. 51 долбоор каржыланды. Кайра иштетүүчү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы боюнча 80% өлчөмүндө жеңилдиктер берилди, аймактардагы кайрадан ачылган ишканалар үчүн салыктын 4 түрү боюнча 5 жылга бошотуу механизми киргизилди, 2019-жылы мамлекеттик сатып алууларда ата мекендик компаниялардын үлүшүн 49%га чейин көбөйтүүнү шарттаган мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди» - деди Абылгазиев.

Муну менен катар Өкмөт башчы ишкерлер менен инвесторлорго бизнес жүргүзүүдө ишеним көрсөтүү маселесине чекит кою керек деген оюн билдирди.

«Өткөн жылдын жыйынтыгы өлкөдөгү экономикалык өзгөрүүлөрдүн пайдубалын гана түзөт. Андан кийин жеке менчиктин жана салымдын кол тийбестигине кепилдик берген атайын чараларды кабыл алышыбыз керек. Биз ишкерликти ачууда жана аны жүргүзүүдөгү бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюшубуз керек», - деди Өкмөт башчы.

Абылгазиев фискалдаштыруу системасы өлкөнүн Санарип трансформация концепциясын ишке ашыруудагы маанилүү этап болорун белгиледи.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
УКМК:
УКМК: "Террористтик акт болот" деп коркуткан Чүйдүн 18 жаштагы тургуну кармалды
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт