Зомбулуктун алдын алуу максатында адистер үйлөрдү кыдырууда

Зомбулуктун алдын алуу максатында адистер үйлөрдү кыдырууда
14-Фев. 2020, Жума, 09:06

Баардык райондордо балдарга карата катаал мамилени, зордук-зомбулуктун алдын алуу, оор жашоо шартындагы балдарды аныктоо жана мониторинг жүргүзүү максатында райондук штабдын мүчөлөрү кожолуктарды кыдырууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иштер балдарга карата зордук-зомбулуктар көп катталып жатканына байланыштуу өкмөттүн тапшырмасынын негизинде аткарылып жатат.

Райондук штабдардын мүчөлөрү мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүү максатында кожолуктарды кыдырып, балдарга карата физикалык жана психологиялык жактан зомбулук жасоого, катаал мамиле кылууга жол бербөө тууралуу калкка маалымат жеткирүү иштерин жүргүзүүдө.

Район акимдери штабдын ишин жана балдарга жасалган катаал мамилени, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча шашылыш чаралардын 2019-2020-жылдарга карата планын жүзөгө ашырууда жеке жоопкерчиликти алат.

"Ички иштер министрлигине ишти координациялоо, балдарга орой мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүү учурларын өзгөчө көзөмөлгө алып, ар бир факт боюнча тыкыр жана калыс тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу тапшырмасы берилген. Ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен жашоо шарты оор балдардын автоматташтырылган маалымат базасын ишке киргизген",- деп айтылат маалыматта.

Маалымат базасы жашоо шарты оор балдарды ыкчам аныктап жана аларды коргоо үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү шарттайт. Бала аныкталган учурдан тарта бардык маалымат бирдиктүү базага түшөт. Базадагы маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү тармактык мамлекеттик органдардын кызматкерлеринде бар. Ар бир мамлекеттик орган бала кандай жардамга муктаж экенин дароо аныктайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
УКМК:
УКМК: "Террористтик акт болот" деп коркуткан Чүйдүн 18 жаштагы тургуну кармалды
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт