Жогорку Кеңеште 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов дыйкандар 6 пайыздуу үстөгү менен жеңилдетилген насыяларды ала баштаганын билдирди.

Анын айтымында, быйыл өлкө аймагындагы жалпы айдоо аянттары 1,19 млн гектарды түзөт. Ушу тапта дыйкандарды сапаттуу үрөн, жер семирткич, күйүүчү май менен камсыз кылуу, айыл чарба техникаларын жаңыртуу, ирригациялык тутумдарды оңдоо чаралары көрүлүүдө.

«Азыр «Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоору ишке киргизилип, дыйкандар 6 пайыздуу үстөгү менен жеңилдетилген насыяларды ала баштады. Быйыл 395 миң тонна семирткич керектеле турган болсо, азыр кампаларда анын 30 миң тоннасы бар. 40 тонна күйүүчү май керектеле турган болсо, анын 30 пайызы даяр. Жалпы үрөн даярдоого 64 млн сом каралган. Кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү 99 пайызга, беде үрөнү 94 пайызга далдалды», - деди Боронов.