Сауд Аравия умра амалдарын жасоо үчүн башка өлкөлөрдөн Меккеге барган зыяратчыларды кабыл алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус күч алган мамлекеттен келген туристтерге да өлкөгө кирүүгө тыюу салынды. Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министрлиги да, Сауд Аравия коронавирус менен күрөшүүдө эл аралык уюмдарды, айрыкча Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмун колдоого даяр экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, 27-февралга карата коронавируска кабылгандардын жалпы саны 82 миңден ашты. Анын 79 миңге жакыны Кытайда.