Президенттин Жогорку Соттун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Латип Жумабаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эске салсак, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Латип Жумабаев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган.