Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөнүн тармактык мамлекеттик органдарына Италиядан Кыргызстандын 2 жаранын келиши боюнча кырдаалды дыкат иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов парламенттеги жалпы жыйында бүгүн эртең менен Италиядан келген Кыргызстандын 2 жаранын дене табын текшерип туруп эле коё бергендери боюнча айткан.

Өмүрбекова бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.