​“Орто-Токойдон” табылган торлор жок кылынды

22-Июнь 2017, Бейшемби

Кочкор районунун “Орто-Токой” суу сактагычынан 6000 метр болгон 60 даана балык кармоочу торлор чыгарылып, жок кылынды. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын Жумгал, Кочкор райондору боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору демилгеси менен уюштурулган, Орто-Токой суу сактагычын торлордон тазалоо иштеринин жүрүшүндө белгилүү болду.

Ага жеригиликтүү коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, биргеликте Орто-Токой суу сактагычы мыйзамсыз орнотулган 6000 метр торлор чыгарылды.

Торлор жеринде Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан өрттөлүп жок кылынды. Ал эми жеригиликтүү коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө, браконьерликти алдын алуу, мыйзамсыз балык кармоо жана ташууга бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Эске салсак, Мамэкотехинспекция тарабынан мыйзамсыз балык улоону токтотуу боюнча Орто-Токой суу сактагычында ар убак рейддер жүрүп келет. Акыркы айда еле 200 ашуун торлор жок кылынып, бир нече моторлуу кайыктар кармалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!