​Депутат: “Күйүүчү май куючу жайлар элди алдап жатат”

22-Июнь 2017, Бейшемби

Бензин куйуучу жайлардын кардарларды алдап жүргөндүгү тууралуу маалымат тастыкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңштин депутаты Жыргалбек Турускулов билдирди.

Буга чейин эл өкүлү, бул маселени көтөрүп чыгып, шайлоочулардын кайрылуусу болуп жаткандыгын айтып, өкмөт мүчөлөрүнө абалды кылдат текшерип чыгуу боюнча сунушун берген. Өкмөттөн талапка ылайык жооп болбогон соң, ишти жеке көзөмөлүнө алып, депутаттык комиссия түзүлгөн.

Ага улай эле, Жыргалбек Турускулов жетектеген текшерүү тобуна эксперттер менен адистер кошулуп, май куюучу жайларга болгон рейддер уюштурула баштады. Бүгүнкү күнү, жумушчу топтун алгачкы жыйынтыктары чыгып, Жогорку Кеңештин отун энергетика комплекс жана жер казнасын пайдалануу боюнча комитетинде маалымат берилди.

Ага ылайык, Бишкек шаары жана ага жакын аймактардагы 14 май куюучу жайлар тиешелүү текшерүүгө алынган. Алардын 11и же тагыраак айтканда 78 пайызы, кыргызстандыктарды алдап майды толук куюп бербейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!