200 гектар жердеги чөп өрттөндү

9-Авг. 2017, Шаршемби

Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк капчыгайында өрт чыгып, 200 га куураган чөп күйдү. Бул туурлауу Өзгөчө кырдаалдар министилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-август күнү саат 12:00 чамасында Аламүдүн районунун Орто-Сай айылындагы Боз-Бөлтөк капчыгайында райондук Токой чарба ишканасынын карамагындагы 210 га аянтта өрт чыгып, натыйжада 200 га куураган чөп күйгөн. Андан сырткары 2 га эгилген бадам жана мисте, 6-7 га эгилген буудай күйгөн жана 8 га эгилген буудай сакталып калган.

“Өрттү өчүрүү иштери өз убагында жүргүзүлүп, өрт саат 18:36да чектөөгө алынып, саат 21:00дө толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда. Ошондой эле өрттөн келип чыккан материалдык чыгымды тактоо иштери бүгүн, 9-августта жүргүзүлөт”,- деп айтылат билдирүүдө.


Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө ӨКМнын кызматкерлери, Коргоо министрлигинин Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүнөн 50 жоокер, Арашан айыл аймагынын 3 трактор, мамлекеттик Экотехинспекция ишканасынан 7 адам, Токой чарба ишканасынан 14 адам, жергиликтүү тургундардан 15 адам, "Супара" кафесинен 17 жумушчу, “Шоро” компаниясынан 1 суу ташуучу унаа тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!