Аскер авиациясы эки учактуу болду (Фото)

11-Авг. 2017, Жума

Россия Кыргызстанга эки АН-26 аскер учактарын кайтарымсыз түрдө берди. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан билдиришти.

Маалыматка караганда, авиациялык техника кыргыз тарапка кайтарымсыз түрдө эки мамлекеттин башчыларынын макулдашуусунун негизинде берилди. Мындан тышкары, Россиянын Коргоо министрлиги аскер кызматташтыгынын алкагында бөлүктөр, агрегаттар, керектүү материалдар, окутуу жана кошумча мүлк менен камсыздап, теориялык, жайкы окутууларды жана стажировкаларды ишке ашырат.

Учактарды тапшыруу салтанатына Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөмбиев, Россиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин баштаган өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын соңунда чакырылгандар жана меймандар курулган объекттер менен таанышып, учактардын ичин көрүп чыгышты.

Айта кетсек, учактар Россия убада кылган 1 миллиард долларга бааланган аскердик-техникалык жардамдын алкагында берилди. Бул «Ан-26» Советтер Cоюзу мезгилинен бери келе жаткан учак. Ал жүк ташууга ыңгайлуу аскердик-техникалык учак болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!