Кочкор районунда 3 автоунаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, 10-август күнү саат 15:00 чамасында аталган райондун Сары-Булак тилкесинде “Мерседес-Спринтер”, “Тайота Ипсум” жана “Тайота-Марк-2” үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.
Кырсыктын кесепетинен жаракат алгандар жок.
“ӨКМнин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унаалардын аккумуляторлорун чечип беришкен”,- деп айтылат билдирүүдө.