Чек арада балалуу аял кармалды

9-Авг. 2017, Шаршемби

Кыргызстандын аймагынан өзүнүн кичинекей баласын жасалма документ менен бөтөн жерге алып чыгууга аракет жасаган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августа Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, 8-августта “Чалдыбар-унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө пунктунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын тилкесинде 7 жашар баланы Кыргызстандан башка бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен алып чыгып кетүүгө аракет кылган Кыргызстандык аял кармалган.

“1987-жылы туулган Э.Э. аттуу кыргыз жаранынын документтерин текшергенде, ал чек арачыларга Россия Федерациясы тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөткөн. Ошондой эле балага берилген суроолордун жооптору күбөлүктөгү маалыматтар менен дал келбей калган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми кармалган аялдын айтымында, ал баланын атасы уруксат бербей койгондуктан, жасалма күбөлүктү жасаткан.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү документтер түзүлгөн соң, кармалган аял ИИМ аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!