Бишкектеги Кулатов көчөсү жабылат

9-Авг. 2017, Шаршемби

Жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштерине байланыштуу ордо калаадагы Кулатов көчөсү 10-августтан тарта унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери ушул жылдын 24-августуна чейин созулат. Аны «Бишкеккурулуш» ишканасы жүргүзүүдө.

Мэрия ыңгайсыздык жараткан үчүн шаар тургундарынан кечирим сурап, айдоочулардан алдын ала өзүнө ыңгайлуу жолду тандап алуусун өтүнөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!