Кыргызстандыктар түшкөн автобус кырсыктады (видео)

9-Авг. 2017, Шаршемби

Россияда кыргызстандыктар түшкөн кичи автобус кырсыкка кабылып, эки киши каза тапты. Бул тууралуу Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Андагы маалыматка ылайык, кырсык 8-август күнү кечки саат 21:35тер чамасында “Нижняя Павловка –Холодные Ключи" жолунун 18 чакырымында катталган. Анда Оренбург облусунун Бакалка кыштагынын 26 жаштагы тургуну, аял кишинин башкаруусунда бара жаткан "Заз-Ланос" унаасы каршылаш тилкеге чыгып, "Мерседес Бенц" кичи автобусу менен сүзүшкөн.

Кичи автобус Москва – Бишкек багытында бара жаткан. Анын ичинде эки айдоочудан тышкары 15 жүргүнчү болгон. Баары тең Кыргызстандын жарандары экени аныкталган. Алардын ичинен ар кандай жаракат алган беш адам Оренбургдун ооруканасына жеткирилсе, экөөнө жеринен медициналык биринчи жардам көрсөтүлгөн.

Кыргызстанга кетип бара жатып кырсыкка кабылган кичи автобусттагы адамдардын документтерин текшерген учурда, алар Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү белгилүү болгон. Миграциялык режимди бузгандыгы үчүн 15 протокол түзүлгөн. Ошондой эле айдоочуга да протокол толтурулган.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу аял жана ошол тушта башка унаа айдап бара жатып аварияга кабылган айдоочу ошол жерден көз жумушкан

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!