Тамеки чеге коюшуп, кафе өрттөштү

25-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 11:36

Бишкекте этиятсыздыктын кесепетинен “Мангал” кафесинде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Мангал” кафесинде 21:40 чамасында чыккан. Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, тилсиз жоо кечки саат 22:20 чектөөгө алынып, түнкү саат 00:37де толугу менен өчүрүлгөн.

“Өрттүн кесепетинен 300 чарчы метр металл чатыр, жыгач тактай полу, 2 муздаткыч, 10 отургуч жана бар тирөөчтөр күйүп кеткен. Курмандыктар жана жабыркагандар жок. Тилсиз жоо тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан келип чыкканы аныкталды”,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!