Памирден 33 этникалык кыргыз келе жатат

Памирден 33 этникалык кыргыз келе жатат
12-Окт. 2017, Бейшемби, 13:02

Ооганстандын улуу Памиринде жашаган 33 кыргыз тарыхый мекенине келе жатат.

Өкмөттөн билдиришкендей, учурда алар Ош шаарынын аймагына жакындап калды. Этникалык кыргыздарды вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова баштап келүүдө.

Маалыматка ылайык, көчүрүлүп келген этникалык кыргыздардын көпчүлүгү балдар. Арасында бир кош бойлуу келин бар. Балдарга билим берүү максатында алынып келинди.

Аларды Нарын облусуна жайгаштыруу аракеттери көрүлүп жатат.

Белгилей кетсек, 2-октябрь күнү чоң жана кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында экспедиция жөнөп кеткен.

Деңиз деңгээлинен 4-5 мет бийиктикте, климаттык шарты оор аймакта жашаган этникалык кыргыздардын саны жылдан-жылга азайып бараткандыгы айтылып келет. Жашоо-шарттын оордугу, медициналык кызмат көрсөтүүнүн жоктугу, башка аймактар менен байланыш болбогондуктан туугандар арасында турмуш куруу алардын жок болуп кетүү кетүү коркунунчун шарттоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!