Президент Атамбаев Ош облусунун активи менен жолугушту

Президент Атамбаев Ош облусунун активи менен жолугушту
12-Окт. 2017, Бейшемби, 14:31

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-октябрда Ош облусуна иш-сапары менен барып, облустун активи менен жолугушту.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуу салтка айланып калган суроо-жооп форматында өттү.

Президент жарандардын жол, мектеп, оорукана куруу, инфраструктуралык долбоорлордун мындан аркы өнүгүшү тууралуу суроолоруна жооп берди.

Атамбаев облус элин ар дайым колдоп келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргыз-өзбек чек арасынын такталып, өткөрүү пункттары ачылганын өзгөчө белгиледи.

Сөзүнүн акырында алдыда болуучу президенттик шайлоого токтолуп, шайлоонун таза, демократиялуу өтөрүнө ишендирди.

Белгилей кетсек, өлкө жетекчиси буга чейин Чүй жана Талас облустарынын активи менен жолугушкан эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!