Президент Оштогу футбол академиясынын ачылышына катышты

Президент Оштогу футбол академиясынын ачылышына катышты
12-Окт. 2017, Бейшемби, 15:06

Ош шаарында ФИФАнын каржылоосунда курулган Асылбек Момунов атындагы футбол академиясы салтанаттуу түрдө ачылды.

Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев, Ош облусу жана шаарынын жетекчилери катышты.

Мамлекет башчысы жергиликтүү элди жаңы футбол академиясынын пайдаланууга берилиши менен куттуктап, көрүмдүк катары 500 миң сом тапшырды.

Академиянын курулушу 2012-жылы башталып, ФИФАнын каржылык колдоосу менен ишке ашкан. Ал жерде спортчу, машыктыруучуларды тарбиялап чыгаруу максатында Бразилиядан атайын эки машыктыруучу келген.

Академияда төрт кичи жана эки чоң футбол талаасы бар. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген жаштар үчүн 80 орунга ылайыкталган.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!