​Бишкекте жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

​Бишкекте жаңы көпүрө пайдаланууга берилди
12-Окт. 2017, Бейшемби, 15:17

Бүгүн, 12-октябрда Бишкек шаарындагы Аламүдүн суусу агып өткөн Токомбаев көчөсүндө жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Көпүрөнүн ачылышына Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, вице-мэр Бактыбек Дюшенбиев, шаардык тийиштүү кызматтардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Мэр Ибраимов өз сөзүндө жаңы көпүрөнүн ачылышы менен бишкектиктерди куттуктады. Ал бүгүнкү күндө ордо калаанын 36 көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Токмобаев көчөсүндөгү жаңы көпүрөнунун узундугу 54,2 метрди түзөт, туурасы 14,9 метр, өтүүчү жердин туурасы 12,5 метрди түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!