Жабыркаган тургундарга көмүр жеткирилүүдө

Жабыркаган тургундарга көмүр жеткирилүүдө
12-Окт. 2017, Бейшемби, 15:20

Өкмөт Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыр тартып, чатырда жашап жаткан тургундарга 200 тонна көмүр жөнөттү.

Аны жеткирүү милдетин ”Пэрити Коал” ишканасы өз жоопкерчилигине алган.

Климаттык шарты оор бул аймакта учурда суук болуп жатат.

Ушул жылдын 3-майында удаа-удаа жер титирөө болуп, күчү алты баллга чейин жеткен.

Жер титирөөнүн кесепетинен жалпы 1025 турак жай текшерилген. Анын ичинен 187 турак үй капиталдык ремонтко муктаж, 632 турак жай авариялык абалга келип, 10 үй кыйроого учурагандыгы аныкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!