Оттук айылына жаңы агартуу жайы курулат

Оттук айылына жаңы агартуу жайы курулат
12-Окт. 2017, Бейшемби, 16:04

Премьер-министр Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапары учурунда Тоң районунун Оттук айылындагы 1966-жылы курулган мектептин абалы менен таанышты.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тоң районунун акими Таалайбек Ажиев 320 окуучу билим алып жаткан мектептин имараты авариялык абалда экенин билдирди.

Өкмөт башчы окуу класстарын карап чыгып, өкмөткө караштуу архитектура курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана тиешелүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерине тез арада аталган айылга жаңы мектеп курууга бөлүнгөн жер тилкесин трансформациялоо жана аны келерки жылы курула турган мектептердин тизмесине кошууну тапшырды.

Андан ары өкмөт башчы Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Шамей Токтобай уулу атындагы орто мектептин курулушун көрдү.

Өкмөткө караштуу архитектура курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев мектептин сметалык наркы 57 млн. сом турарын жана азыркы тапта 21 млн. сом каражат берилгенин билдирди.

Анын айтымында, 275 балага ылайыкталган эки кабаттуу мектептин имаратын куруп, ишке киргизүү үчүн каражаттын калган бөлүгүн берүү керек.

Өкмөт башчы мектепти курууда өзгөчө анын сапатына жана жасалгалоо иштерин ойдогудай бүткөрүүгө көңүл буруу керектигин эскертти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!