Кырсыкка кабылган унаанын ичинде эки адам калган

Кырсыкка кабылган унаанын ичинде эки адам калган
13-Окт. 2017, Жума, 11:30

Таласта жол кырсыгына кабылган унаа ала салып, ичинде эки адам калган. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас районунун Кара-Сай айылында “ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, оодарылган. Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, унаада калган эки адамды чыгарып, тез жардам кызматкерлерине беришкен.

Жол кырсыгы бүгүн, 13-октябрда саат 05:55 чамасында катталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!