Элчилик 198 жаранга консулдук кызмат көрсөттү

11-Ноя. 2017, Ишемби, 11:03

Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо максатында жүргүзүлө турган иштер боюнча маалымат берүүнү улантууда. Бул тууралуу Элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

6-ноябрдан 10-ноябрга чейинки мезгилде Консулдук бөлүм тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

Жалпысынан консулдукка байланыштуу 198 кызмат көрсөтүлдү, алардын ичинен:

Төмөндөгүлөр боюнча документтер жасалды:
– КРга кайтууга күбөлүк – 88, булардын ичинен 27 жаран чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда (ЦВСИГ) жаткан КРнын жарандары-күбөлүк алып мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк алышты;
– КРнын жарандыгын тактоочу, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө маалымдама берүү –42;
– балдарынын КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу–4;
– виза документтери –0.
Төмөндөгүдөй арыздар кабыл алынды:
– паспорт алууга – 36;
– КРнын жарандыгына таандык экендигин аныктоого - 3;
– КРнын жарандыгынан чыгууга –4;
– документтерин мыйзамдаштыруу –0;
Туруктуу консулдук каттоого коюлгандар – 17;
Нотариалдык иш-аракеттер – 2.
Консулдук тейлөө кызматын алуу боюнча документтерди тариздөө багытында оозеки кеңештер берилди –75.
Укук коргоо ишмердүүлүк боюнча (укуктук кеңештерди берүү):
– кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү маселелери боюнча12 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынды;
– консулдук бөлүмдүн юристтеринин жеке кабыл алуусунда укуктук маселелер боюнча 40 жаранга оозеки консультация берилди;
– сот, укук коргоо органдарына, өлүкканаларга, тергөө бөлүмдөрүнө чыгуу: Москва шаардык №4 убактылуу кармоочу жайына жана №5 убактылуу кармоочу жайына чыгуулар - 2;
– Жарандардын сөөгүн Жүк “200” КРга алып кетүү боюнча жардам –1.
Жалпы документтердин жүгүртүлүшү жана телефон аркылуу кеңеш берүү:
– КРнын жана РФнын тийиштүү органдарынан жана уюмдарынан келген кириш документтер–68;
– чыгыш документтердин саны – 35;
– жарандардын жеке кайрылуулары, алардын ичинде Элчиликтин Интернет-кабыл алуусунда кеңеш алгандар – 21 жаран;
-Телефон аркылуу кеңеш алгандар – 255 жаран.

Жалпысынан 537 жаран кабыл алынды

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!