Кочкордо үч адамдын сөөгү табылды

Кочкордо үч адамдын сөөгү табылды
15-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:13

Кочкор районунун аймагынан куткаруучулар 3 адамдын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрь күнү cаат 11:45 чамасында ӨКМдин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары аталган өрөөндүн Арчалуу тилкесиндеги тоонун боорунан белгисиз адамдын сөөгүн алып түшкөн. Ошондой эле ушул эле күнү саат 13:16да жогоруда аталган бөлүмдүн куткаруучулары Орто-Токой тилкесиндеги Орто-Токой суусунун жээгинен белгисиз адамдын сөөгүн алып чыгышкан. Андан сырткары куткаруучулар саат 16:20 чамаларында Жылуу-Суу тилкесиндеги Чу суусунун жээгинен белгисиз аялдын сөөгүн суудан алып чыккан.

“Куткаруучулар 3 маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!