​Эки миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта

​Эки миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта
15-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:41

Кыргызстанда 1932 үй-бүлө мамлекеттен жардам да, жер тилкесин да алып, бирок кооптуу аймактарда жашоосун улантышууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1994-жылдан 2017-жылга чейин өлкө аймагында жер көчкү коркунучу бар жана башка кырсыктардан кооптуу участоктордо жашап жаткан үй-бүлөлөр бар. Жалпы республика боюнча жер көчкү түшүү коркунучундагы 929 участка аныкталган, аларды облустарга бөлүп айта турган болсок: Жалал-Абад облусунда - 459, Ош облусунда - 359, Баткен облусунда - 84, Нарын облусунда -21, Ысык-Көл облусунда-3, Бишкек шаарында-1 жана Ош шаарында-2.

“Кооптуу аймактарда жашап жаткан 18395 кожолук көчүрүлүүгө тийиш болсо, 1994-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта анын ичинен мамлекеттен жардам жана жер тилкелерин алып көчүрүлгөндөр 14145 кожолук болду. Ошондой эле мамлекеттен жардам жана жер тилкесин алып, бирок көчпөй, кооптуу аймактарда бүгүнкү күнгө чейин жашап жаткандар 1932 үй-бүлө. Анын ичинен жер көчкү түшүү коркунучу бар жерлерде 1746 кожолук, сел, жээк эрозиясы, кыртыш суулары көтөрүлүү коркунучу бар аймактарда 150 кожолук, таш кулоо жана башка өзгөчө кырдаал болуп кетүү коркунучу бар аймактарда 36 үй-бүлө жашайт”,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, ӨКМнын Мониторинг жана болжолдоо департаменти өлкө аймагындагы кооптуу участкаларга тынымсыз байкоо жүргүзүп, өзгөчө кырдаал болуп кетүү коркунучун аныктап, кооптуу аймактарда жашаган жарандарды коопсуз жайларга көчүрүү боюнча жергиликтүү бийликтерге атайын эскертмелерди мезгил-мезгили менен берип турат. Мындан улам адам өмүрүнө коркунуч алып келген, кооптуу аймактарда өз өмүрүн жана үй-бүлөсүн тобокелге салып жашап жаткан жарандарга ӨКМ, жергиликтүү бийликтер тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Көпчүлүк учурда жарандардын кайдыгерлигинен улам кооптуу аймакта жашап жаткандардын өмүрүн алган кырсыктардын катталып жаткандыгы өтө өчүнүчтүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!